Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлөт

12:33, 05 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министригинен билдирди.

Фото Өзгөчө кырдаалдар министрлиги . Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү күтүлөт
Маалыматка ылайык, 5-ноябрдан 7-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 74-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Ошондой эле ӨКМ төмөнкү эрежелерди сактоону эскертет:

  • унааңыздын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштырыңыз;
  • алыскы жолго чыксаңыз, дары-дармек, суу, тамак-аш, күрөк жана дөңгөлөк чынжырчасын унутпаңыз;
  • зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай туруңуз;
  • кырсык болгондо күнү-түнү иштөөчү 112 номерине чалыңыз (чалуу акысыз).