19:41
USD 87.45
EUR 100.46
RUB 1.08

Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

7-9-ноябрда Бишкек шаарындагы «Газпром-балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорттук комплексинде самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги соцтармактагы баракчасында билдиришти.

Маалыматка ылайык, үч күндүк мелдеште спорттук жана күжүрмөн самбо, ошондой эле SVI-1 класстагы көзү азиз спортчулар арасындагы самбо боюнча жалпы 31 медаль топтому ойнотулат.

Дене тарбия жана спорт агенттиги
Фото Дене тарбия жана спорт агенттиги. Бишкекте самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтөт

Самбочулар төмөнкүчө салмак категориялары боюнча беттешет:

  • Спорттук самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм.
  • Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80+ килограмм.
  • Күжүрмөн самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм.
  • Күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80+ килограмм.
  • Көзү азиздер самбосу (SVI-1 классы, эркектер арасында): 64, 79, 98 килограмм.

Мелдештин жалпы байге фонду 341 миң АКШ долларын түзөт. Бардык дисциплиналарда сыйлыктардын өлчөмү бирдей: алтын — 4 000 доллар, күмүш — 3 000 доллар, коло — 2 000 доллар.

Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнө чемпионаты 2022-жылы Бишкек шаарында өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар