09:21, 06 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Жыргалбек Курманбеков Башкы прокуратуранын Сот аткаруу кызматынын директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыргалбек Курманбеков 1985-жылы 30-сентябрда Токмок шаарында туулган. Ал Юстиция министрлигинде подполковник наамын алган.
Кызматтын мурунку башчысы Урмат Кожомбердиев болгон.