12:49, 06 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Борбор калаанын бардык райондорунда жылуулук калыбына келтирилди. Бул тууралуу «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Адистер учурда туруктуу жылуулукту камсыз кылуу үчүн үй ичиндеги тармактарда жөнгө салуу жана ишке киргизүү иштерин улантып жатышканы белгиленди.
Бөлүм тургундарды батирлердеги температуранын убактылуу өзгөрүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат, анткени жылытуу системасы акырындык менен оптималдуу иштөө режимине кайтып келүүдө.
Бишкекте жылуулук 3-ноябрда калыбына келтирилди.