Балыкчы шаарына 100 миллион сомдук жаңы муниципалдык жабдуулар тапшырылды

14:38, 06 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Балыкчыда шаардык кызматтар үчүн жаңы муниципалдык жабдууларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Жабдуулар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен сатылып алынып, тапшырылды.

Балыкчы мэриясы. 100 миллион сомдук жаңы муниципалдык жабдуулар тапшырылды

Унаалар муниципалдык ишканаларга берилди. Шаарга жалпысынан 36 жаңы унаа берилди.

Анын ичинде:

  • 7 самосвал;
  • 2 кран;
  • 5 көчө тазалоочу унаа;
  • 3 жол шыпыргыч;
  • 13 таштанды ташуучу унаа;
  • 2 электр шыпыргыч;
  • 2 саркынды сууларды чыгаруучу унаа.

Унаалар 2025-жылы чыгарылган жана заманбап эксплуатациялык талаптарга жооп берет. Муниципалитеттин маалыматы боюнча, муниципалдык унаа паркын жаңыртууга 100 миллион сом бөлүнгөн.