2025-жылдын аягына чейин 60 айыл толук суу менен камсыздалат
15:20, 06 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Өткөн жылы 20-21-декабрда өткөн 3-Элдик курултай учурунда Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жалпысынан 652 суроо-талап түшкөн. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, бул суроо-талаптардын 50 пайызы сугат маселелерине, ал эми 30 пайызы ичүүчү суу менен камсыздоого байланыштуу болгон.
2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү иштер аткарылды:
- 2025-жылга карата 10 суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндеринин (БДР, БСР) курулушу толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди.
- 12 объектиде курулуш иштери, 29 объектиде долбоорлоо иштери жүрүүдө;
- Жалпы узундугу 430 чакырымга жакын каналдар, 302 гидротехникалык курулма, 123 суу өлчөөчү пост, 91 насостук станция жана 156 насостук агрегат оңдолуп, тазаланды. 9 насостук агрегат жаңыларына алмаштырылды, 53,5 чакырым коллектордук-дренаждык система тазаланды;
- Тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системалары жалпы 8 миң 365 гектар аянтка орнотулду, анын ичинен 1 702 гектары — мамлекеттик, ал эми 6 663 гектары — жеке менчик фермерлердин жерлери;
- Бетон полотносун чыгаруучу заводдун курулушу башталды. 2025-жылы 500 миң чарчы метр каналга бетон полотносун орнотуу иштери жүргүзүлөт;
- Калкты таза суу менен камсыздоо боюнча 85 айылда курулуш иштери жүрүп жатат. 2025-жылдын ичинде 60 айыл таза суу менен камсыздалат.
Учурда бардык облустардагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилери жана тиешелүү айыл өкмөттөр ай сайын онлайн кеңешме өткөрүп, кайрылуулардын аткарылышын көзөмөлдөп туру