17:03, 06 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Президенттик администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкөдөгү электр энергиясынын өчүрүлүшү тууралуу өзүнүн Facebook баракчасында комментарий берди.
Анын айтымында, айрым жерлерде жарыктын өчүрүлүшү ыңгайсыздык жаратып жатканы анык.
«Электр энергиясына байланышкан талкууларды улай, мен дагы өз пикиримди билдирүүнү туура көрдүм. Туура, айрым жерлерде жарыктын өчүрүлүшү ыңгайсыздык жаратып, элдин нааразычылыгын туудуруп жатканын көрүп жатабыз. Андай жагдайларда өзүм да жашайм. Ошондуктан жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайм.
Бирок мунун дагы өзүнүн жүйөөлүү себептери бар. Мамлекетибиз бүгүнкү күнгө чейин совет доорунда, тактап айтканда 60–70 жыл илгери курулган ГЭСтердин эсебинен жашап келди. Тилекке каршы, эгемендүүлүктү алгандан кийин, узак убакыт бою — дээрлик 30 жыл аралыгында жаңы энергетикалык булактар курулган жок.
Ал аралыкта калктын саны өсүп, ар жылы жүздөгөн жаңы имараттар, завод-фабрикалар курулууда. Алардын баары электр энергиясына муктаж. Натыйжада бүгүнкү күндө жарык тартыштыгы жаралып жатат. Бул көйгөй азыр эле чыккан жок — мурда да бар болчу. Бирок ал кезде маселе альтернативдүү жол менен чечилбей, кошуна өлкөлөрдөн кымбат баада электр энергиясы сатып алынып, элге арзан сатылган. Натыйжада мамлекет карызга батып келе берген.
2021-жылдан тартып, президентибиз Садыр Жапаров энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу багытында реформаларды баштады. Көп жылдар бою айтылып, бирок ишке ашпай келген «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу башталды. Бул ГЭСтин кубаттуулугу 1860 МВт түзөт. Ал толук ишке кирсе, Кыргызстан электр энергиясын экспорттоочу өлкөгө айланат",-деген ал.
Ал ошондой эле өлкө боюнча чакан жана орто ГЭСтерди куруу аркылуу энергетикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аракеттери жүрүп жатканын белгилеген.
"2024-жылы өлкө боюнча бир катар жаңы гидроэлектр станциялары ишке берилди. Алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
2025-жылы ишке берилген жана бериле турган ГЭСтер:
Мындан тышкары, мурдагы ири ГЭСтерде реконструкция иштери жүргүзүлүп, кошумча кубаттуулук кошулууда:
Ошондой эле Папан ГЭСи, Ылдыйкы Тар ГЭСи жана Быстровка ГЭСи боюнча даярдык жана долбоордук иштер уланууда.
2025—2030- жылдардагы чакан ГЭСтердин курулушу:
2027-жылы дагы 14 жаңы ГЭС ишке кирет, алардын ичинде:
Мына жогорудагы ири, орто жана чакан ГЭСтердин курулуштары кызуу жүрүп жатат. Бул долбоорлордун арасында мамлекеттик да, жеке сектордун колдоосундагы да объекттер бар. Учурдагы энергетикалык тартыштык — биздин сабырыбызды сынаган убактылуу гана көйгөй.
"Мамлекет бул багытта тынымсыз аракеттерди көрүп жатат. Жогоруда айтылган долбоорлор ишке ашкан сайын, электр энергиясынын тартыштыгы акырындык менен жоюлуп, Кыргызстан энергетикалык жактан өз алдынча жана туруктуу мамлекетке айланат",-деп жазган Орунбеков.