07:53, 07 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кытайда жер титирөө болуп, Кыргыстанда сезилди. Бул тууралуу КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Институттун маалыматы боюнча, жер титирөөлөр 6-ноябрда саат 16:08де катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кытайда (Как Шаал Тоо кырка тоосу), Бедел айылынан 26 чакырым түштүк-чыгышта, Ыштык айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта жана Каракол шаарынан 122 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Беделде жер титирөөнүн күчү 2,5 баллды түзгөн.