11:03
USD 87.45
EUR 100.76
RUB 1.08

Садыр Жапаров АКШнын сенаторлору жана конгрессмендери менен жолугушту

АКШга болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти Вашингтондо Сенаттын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Джеймс Риш жана Конгресстин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди

Жолугушууда саясий жана парламенттер аралык кызматташтык, ошондой эле өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана инвестициялык тармактардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстан Америка Кошмо Штаттарын өзүнүн маанилүү тышкы саясий өнөктөшү катары жогору бааларын, достук мамилелерди жана конструктивдүү кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы
Фото Президенттин басма сөз кызматы. Садыр Жапаров АКШнын сенаторлору жана конгрессмендери менен жолугушту: эмнелер талкууланды?

Бул контекстте ал парламенттер аралык мамилелерди илгерилетүү өнөктөштүктү чыңдоого өз салымын кошот деген ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле парламенттер аралык өз ара аракеттенүү саясий диалогду бекемдөөгө жана мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга жол ачарына өзгөчө көңүл бурду.

Садыр Жапаров соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык жөнүндө сөз кылып жатып, бул тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан америка инвесторлору менен келечектүү долбоорлор боюнча жигердүү иш алып барууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстанда алардын ишмердүүлүгү үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттарды өзгөчө белгиледи.

Сенаттын эл аралык мамилелер боюнча комитетинин башчысы Жеймс Риш өз кезегинде, саясий диалог жана парламенттер аралык өз ара аракеттенүү аркылуу маалыматты ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнө жеткирүү оңой жана натыйжалуу болорун белгиледи.

Сенаторлор ошондой эле Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин жөнгө салуудагы ийгиликтүү тажрыйбасын баса көрсөтүштү.

Жыйынтыгында алар өнөктөштүк алакаларды чыңдоого даярдыктарын билдирип, Кыргызстан менен конструктивдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.

Эң көп окулган жаңылыктар