Эртең, 8-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3... +2, күндүз +6... +11;
Талас жергесинде түнкүсүн −3... −5, күндүз +8... +10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1... +3, күндүз +12... +14 градус жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0... −2, күндүз +8... +10;
Нарын аймагында түнкүсүн −8... −10, күндүз +4... +6 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 1... −7, күндүз +8... +10 градуска жетет.


