00:28
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Ысык-Ата районундагы 80 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 80 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат аталган жер уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөдө, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо жана маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо максатында жеке ишкерликтин өкүлдөрүнөн акча талап кылуу фактыларынын алкагында мамлекетке алынганын белгиледи.

УКМК учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тергөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар