Гүлчө шаарга айланып, мэр дайындалды

16:13, 10 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жакында эле шаар макамын алган Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылына мэр дайындалды. Бул тууралуу облустук администрация билдирди.

Маалыматка ылайык, Нурсултан Тажибаев Гүлчөнүн мэри болуп дайындалды. Дайындоо жөнүндө буйрукка Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев кол койду.

Буга чейин Нурсултан Тажибаев Ош облусунун Алай районунун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров «Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылынын административдик аймагын райондук маанидеги шаар категориясына которуу жөнүндө» Мыйзамга кол койгон. Андан кийин Гүлчө расмий түрдө шаар макамын алган.