17:29, 10 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Баткенде мыйзамсыз берилген жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүдө чек ара заставаларын уюштуруу үчүн берилген 2,59 га жер тилкелери 2001-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине берилип кеткендигин аныктаган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде жалпы баасы 42,1 млн сомдук жер тилкелер мамлекеттин менчигине кайтарылып, УКМКнын Чек ара кызматынын бир аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүлүп берилди.