Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин айрым жерлеринде жылуулук жана ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жылытуу тармактарын оңдоо иштерине байланыштуу борбор калаада 11-ноябрда саат 8:00дөн 19:00гө чейин жылуулук жана ысык суу өчүрүлөт.
Өчүрүү төмөнкү даректерде болот:
Учкун кичи району, 11, 14, 15, 16, 18, 19, 20, 21, 22, 33, 24а, 24б көчөлөрү;
Казан Булак көчөсү, 10;
Үч тулга көчөсү, 15.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздык үчүн тургундардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.


