VI Ислам тилектештик оюндары. Боксчу Нурадин Рустамбек уулу күмүш медаль утту

09:26, 11 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында VI Ислам тилектештик оюндары өтүп жатат. Бул тууралуу мелдештин сайтында жарыяланды.

70 килограмм салмактагы бокс боюнча турнирде кыргызстандык Нурадин Рустамбек уулу финалда иорданиялык Зеяд Ишаишке утулуп калды.

Ал буга чейин Түркия менен Египеттин өкүлдөрүн жеңген.

Мелдештин алгачкы күндөрүндө кыргызстандык дзюдочулар Жанар Жолдошева (57 килограмм) жана Адина Кочконбаева (63 килограмм) күмүш медалдарды жеңип алышкан.

Эске салсак, VI Ислам тилектештик оюндары Эр-Риядда 7-ноябрдан 21-ноябрга чейин өтүп жатат. Паралимпиаданын үч түрүн кошкондо, 19 спорт түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Кыргызстандык токсон спортчу катышат.