10:15
USD 87.45
EUR 101.04
RUB 1.08

Бишкектин Ош базарында болгон рейдде 120дан ашык чет элдик кармалды

Бишкектеги Ош базарында «Нелегал» рейдинин жүрүшүндө 120дан ашык чет элдик жаран полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын милиция рейдде 120дан ашуун чет өлкөлүк текшерүүгө алынганын, жыйынтыгында 23 чет өлкөлүккө карата Укук бузуулар кодексинин 431-беренеси (Кыргызстан аймагында болуу тартибин бузуу) менен протоколдор түзүлгөнүн белгиледи.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы
Фото Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы. Ош базарында болгон рейдде 120дан ашык чет элдик кармалды

Ошондой эле 2 кыргыз жаранына карат Укук бузуулар кодексинин 93-беренеси (Кыргызстан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) боюнча протоколдор толтурулган. Маалыматта бардык материалдар мыйзамда белгиленген тартипте андан аркы кароо үчүн тиешелүү бөлүмдөргө жөнөтүлгөнү кошумчаланды.

Эң көп окулган жаңылыктар