14:44
USD 87.45
EUR 101.20
RUB 1.08

Кыргызстан быйыл 310 миллиард сомдон ашык салык жана төгүмдөрү жыйналды

Жыл башынан бери Кыргызстан 310 миллиард сомдон ашык салык жана төгүмдөрү жыйналды. Бул тууралуу «Биринчи радиодо» Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь-октябрь айларына карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу планын ашыра аткарган.

10 айдын ичинде 310,4 миллиард сом чогултулган — бул пландын 104,3 пайызы.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 73,2 млрд сомго көбөйдү, өсүү ыргагы 130,9 пайызды түздү.

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге түшкөн салыктык түшүүлөр 10 айдын ичинде 243 млрд сомдон ашты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 66 млрд сомго көп. Өсүү 137 пайызды түздү. Ошондой эле бизге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу да жүктөлгөн. Бул багытта дагы оң динамика байкалууда. 10 ай ичинде 66 млрд сомдон ашык каражат чогултулду, өткөн жылга караганда 6,7 млрд сомго көп.

Ал кирешелердин өсүшү салык жүгүн көбөйтүү менен эмес, салык төлөөчүлөрдүн базасын кеңейтүү, процессстерди санариптештирүү жана салыкты ыктыярдуу төлөө деңгээлинин жогорулашы аркылуу камсыз болгондугун баса белгиледи.

Төраганын орун басары кошумчалагандай, бул жыйынтыктар бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн бекемдөө багытында жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасы. Ошондой эле Кыргызстандагы салык тутумунун туруктуу өнүгүп жатканын көрсөткүчү.

Эң көп окулган жаңылыктар