06:30
USD 87.45
EUR 101.04
RUB 1.08

Кыргызстанда КРВИ өсүшүнө байланыштуу алдын алуу чараларын күчөтүлдү

Саламаттыкты сактоо министрлиги курч респиратордук вирустук инфекциялардын сезондук өсүшүнө байланыштуу алдын алуу чараларын күчөтүүдө.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2025-жылдын 45-жумасында (3—9-ноябрь) өлкө боюнча 6787 учур КРВИ катталды. Бул мурунку жумага салыштырганда 3,3 пайызга жогору.

Эң жогорку көрсөткүч Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле Нарын, Ысык-Көл жана Чүй областтарында байкалууда. Ооруган адамдардын 63,7 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Сезондук инфекциялардын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы эмдөө кампаниясын аяктап жатат. Тобокел тобундагы жарандар үчүн «Гриппол Плюс» вакцинасынан 63 734 доза сатып алынып, эмдөө 90,5 пайызга аткарылды.

Мындан тышкары, бир катар жеке медициналык борборлордо («Цадмир», «Малыш», «Кроха», «Интермедикал», «Эдельвейс», «KG», «Комфорт Медик», «Поликлиника № 312», «Чипенко») акы төлөө негизинде эмдөөдөн өтүүгө болот. Баасы 400–1000 сомго чейин.

Сасык тумоону аныктоо үчүн өлкөнүн лабораторияларына кошумча 10 000 тест-система жеткирилди.

Эң көп окулган жаңылыктар