Португалиялык атактуу чабуулчу Криштиану Роналду 2026-жылкы Дүйнөлүк Чемпионатты акыркысы деп атады. Бул тууралуу RT маалыматы агенттиги жазып чыкты.
Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубунда ойногон футболчу кийинки жылы 41 жашка чыгаарын эскерди.
«Бул чындык, анткени мен 41 жашка чыгам. Менимче, бул соңку турнир болушу мүмкүн... Ошондуктан бул учурдан ырахат алып жатам», — деди Криштиану Роналду.
Эске салсак, атактуу футболчу карьерасында 1287 беттеш өткөрүп, 953 гол киргизип, 304 голдук пас берген. Жылдыз оюнчу карьерасында дагы 47 гол киргизүү менен 1000ден ашык голдук ченемди жеңген биринчи оюнчу болгусу келет.


