Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстан боюнча кышкы Жалпы Республикалык Тестирлөөгө (ЖРТ) 716 абитуриент катталды.
Борбордун маалыматына ылайык, 442 абитуриент орус тилинде, 274 абитуриент кыргыз тилинде тест тапшырууну көздөп жатышат.
Өз убагында каттала электер үчүн 20-ноябрда саат 13:00дөн 17:00гө чейин кошумча каттоо жүргүзүлөт. Ал Бишкек жана Ош мамлекеттик университеттеринде өтөт.
Кышкы университеттерге кабыл алуу үчүн ЖРТ ноябрь айынын аягында өткөрүлөт:
- 21-ноябрь — Негизги тест;
- 22-ноябрь — Мамлекеттик тил боюнча тест жана предметтик тесттер;
- 23-ноябрь — Бир нече сменадагы предметтик тесттер.
Эске сала кетсек, үч жыл мурун Кыргызстандагы жогорку окуу жайлары жаштардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында абитуриенттерди жай мезгилинде гана эмес, кыш мезгилинде да кабыл ала баштаган. Бирок, абитуриенттердин көпчүлүгү дагы эле жай мезгилинде кабыл алууга даярданышат.


