Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 13-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барат.
Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 13-жыйынына катышат.
Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жетекчилиги алдында тар жана кеңейтилген курамда өткөрүлөт.
Отурумдарда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана кызматташуунун актуалдуу маселелери каралып, чечимдер кабыл алынат.


