Баткен облусунда экстремисттик «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү кармалды

16:06, 12 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото УКМК басма сөз кызматы

Баткен облусунда «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, «Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иштеринин алкагында 10 адам кармалган. Кармалгандардын айрымдары мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн сот жообуна тартылган.

Алар «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний уюмунун жабылган Telegram каналдарына катталып, Кыргызстандын аймагында халифат түзүү маселесин талкуулап, «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун идеологиясын өнүктүрүүнү улантышкандыгы аныкталды.

УКМК басма сөз кызматы
Кармалгандардын жашаган жерин тинтүү учурунда «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун тыюу салынган адабияты, ошондой эле көптөгөн диний адабияттар, электрондук алып жүрүүчүлөр, ноутбуктар, флеш-карталар, уюлдук телефондор жана дисктер табылган.

Учурда УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.