Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына дээрлик 116 километр аралыгына тикенек зым тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда чек араны тосуу жумуштары Лейлек районунун Максат айылынын аймагында жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
12-ноябрга карата Баткен облусу боюнча 115 чакырым 958 метр аралыкка зым тартылган. Анын ичинен Баткен районунда 84 чакырым 806 метр, Лейлек районунда 31 чакырым 152,5 метр аралык тосулган.
Мындан сырткары, чек ара тосмосун бойлой 176 чакырым жол салынган.


