UFC 322. Валентина Шевченко менен Вэйли Чжандын көз караштар таймашы болду

07:45, 13 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

UFC 322 турниринин башкы катышуучуларынын көз караштар таймашы болду. Бул тууралуу Meta MMA билдирет.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен кытайлык Вэйли Чжан Батыш жарым шардагы эң бийик ачык байкоо аянтчасында беттешти.

Фото Интернеттен алынды. Валентина Шевченко менен Вэйли Чжандын көз караштар таймашы болду

Беттеш 16-ноябрь күнү эртең менен башталат. Мушкерлер 57 килограмм салмак категориясында таймашат. Валентина Шевченко жеңил салмактагы титулун сегизинчи жолу коргойт.