Манас Кубогу. Кыргызстандын 23 жашка чейинки курама командасы Бахрейнди жеңди

08:35, 13 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Манас шаарында 23 жашка чейинки оюнчулардан турган командалар үчүн Манас Кубогунун футбол турнири башталды. Бул тууралуу Кыргыз Футбол Биримдиги социалдык тармактарда жарыялады.

Кыргызстандын курама командасы Бахрейнди 2:1 эсебинде жеңди.

Атаандаш алгачкы голду киргизди. Арсен Шаршенбеков 30-мүнөттө эсепти теңеди. Ал эми Антон Полев 42-мүнөттө беттештин жыйынтыгын чыгарды.

Кыргыстандын Футбол Федерациясынын президенти Камчыбек Ташиев беттешке катышты.

Биринчи айлампанын башка беттешинде Россиянын курама командасы Иранды жеңди.

15-ноябрда Кыргыз курама командасы Иран менен ойнойт.