Кыргыз бажы кызматына орусиялык кесиптештери атайын техникаларды белекке берди

09:10, 13 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Орусиянын Федералдык бажы кызматы Кыргызстандын бажы кызматы үчүн атайын техникаларды жана жабдууларды сатып алууну жана жеткирүүнү камсыз кылды. Бул тууралуу аталган кызматтын Telegram каналында кабарланды.

Фото Орусиянын Федералдык бажы кызматы. Кыргыз бажы кызматына орусиялык кесиптештери атайын техникаларды белекке берди

Маалыматка ылайык, белекке берилген жабдуулар мыйзамсыз баңгизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, бажы көзөмөлүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылмакчы.

«2025-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өтүнүчү боюнча Россия өз кесиптештерине техникалык жардам көрсөткөн. Ошентип, Россия өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Федералдык бажы кызматы Кыргыз Бажы кызматы үчүн атайын унааларды жана жабдууларды сатып алууга жана жеткирүүгө көмөктөшкөн», — деп айтылат билдирүүдө.

Кызматтык иттерди ыңгайлуу жана коопсуз ташуу үчүн атайын жабдылган алты унааны, ошондой эле кызматкерлер үчүн 60 жеке видеомагнитофонду расмий түрдө тапшыруу аземи болду.