09:25, 13 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУ саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жарыяланды.
Орусиянын лидери Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитине катышуу планын жарыялады.
«Биз сиз менен үзгүлтүксүз байланышып турабыз, эми биз дагы Бишкекте өтө турган ЖККУ саммитинде жолугабыз», — деди Владимир Путин орус-казак сүйлөшүүлөрүндө (Казакстандын президенти мамлекеттик сапар менен Москвада болгон — редактордун эскертүүсү).
Бишкек саммитинен тышкары, лидерлер жыл аягына чейин Санкт-Петербургда өтүүчү салттуу жаңы жыл алдындагы КМШ жана ЕАЭБ саммитинин алкагында жолугушат.
«Биздин күн тартибибиз тыгыз жана ал ишке ашырылууда», — деп кошумчалады Путин.
Бишкек саммитинде Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда. Анда дүйнөлүк кырдаалды жана ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүн баалоо, ошондой эле аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо ыкмалары камтылат.