Ысык-Ата районунда баңгизат өндүрүү жана таратууга шектелип чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматы боюнча, 11-ноябрда кызматкерлер Новопокровка айылында 23 жаштагы эркек кишини кармашкан. Тинтүү учурунда жалпы салмагы 116,1 грамм болгон 24 күрөң резина капсула салынган баштык табылган.
Бул факт боюнча Ысык-Ата РИИБиге катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып Ново-Покровка — Чоң-Далы автожолунда чет өлкөлүк 2002-жылы туулган М.М. аттуу жаран токтотулган.
Текшерүү учурунда анын колундагы кара түстөгү баштыктын ичинен өзгөчө жыт чыккан күрөң түстөгү 24 даана резина капсулалары табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 116,1 граммды түзгөн. Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында анын курамында никотин жана MDMB(N) психотроптук заты бар экени аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Иш боюнча тергөө амалдары уланууда.


