ITF Ramis Cup IV эл аралык таэквондо турнири 28-ноябрда Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын таэквондо федерациясы социалдык тармактарда жарыялады.
Турнирде Кыргызстан менен Казакстандын спортчуларынын ортосунда үч категориядагы профессионалдык беттештер өткөрүлүп, акчалай байгелер берилет.
Мелдеш борбор калаадагы «Газпром-балдар» спорт жана эс алуу борборунда өтөт. Кирүү акысыз.


