23:40
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Бишкектин түштүк кичи райондорунда ичүүчү суу берүү токтотулду. Себеби

Бишкектин 5-кичи районунда жеке компаниясынын айынан суу түтүгүнүн бузулушуна байланыштуу ичүүчү суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.

Учурда Бишкектин түштүк аймагындагы 3, 4, 5, 6, 7 жана 8-кичи райондордо, Юг-7 жана Молодежный кварталында, 3- жана 4-кичи райондордун астындагы жеке сектордо, Абай жана Малдыбаев көчөлөрүнүн боюнда (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), ошондой эле Онкология борборунда жана Республикалык психиатрия жана баңгилик борборунда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулду.

10-кичи райондо суунун басымы төмөн экени байкалууда. «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын адистери кырсыктын себептерин аныктап жатышат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Бишкектин түштүк кичи райондорунда ичүүчү суу берүү токтотулду

Мэрия убактылуу ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт.

Эң көп окулган жаңылыктар