01:01
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Кыргызстандын аскер комиссариаттынын 3 кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен биргеликте Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкерин камакка алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аскер комиссариатынын кызматкерлери КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 342-«Пара алуу» жана 343-«Опузалап пара алуу » беренелери боюнча кылмыш иштери боюнча шектүү катары каралууда.

Аскер прокуратурасы бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар