23:02
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Кыргызстанда Индия киносунун күндөрү өтөт

Кыргызстандагы Индия киносунун күндөрү келээрки жумада башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 21-ноябрдан 24-ноябрга чейин «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт. Аны Индиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Кинематография департаменти уюштуруп жатат.

Ачылыш аземи Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Кечки программада Каухар элдик бий ансамблинин жана Таберик балдар музыкалык театрынын аткаруусундагы Болливуд бийлери, ошондой эле «Дангал» тасмасынын көрсөтүлүшү камтылган.

Көрсөтүүлөрдүн графигине төмөнкүлөр кирет:

  • 22-ноябрь — «Уурдалбаган колукту»;
  • 23-ноябрь — «Англис винглиш»;
  • 24-ноябрь — «Жашоо зериктирүүчү болушу мүмкүн эмес».
Эң көп окулган жаңылыктар