Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбайевдин энергетика тармагы жана тоо-кен казып алуу боюнча билдирүүлөрүнө комментарий берип, айыптоолорду четке кагып, өлкөнүн энергетика системасынын абалы боюнча деталдуу эсептөөлөрдү сунуштады.
Президент электр энергиясы боюнча сандар, фактылар менен далилдеп берди:.
Салыштырып көргүлө.
«1990-жылдан 2010-жылга чейин Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом же 243 миллион доллар карыз болгон. 2010-жылдан 2020 жылга чейин 123 миллиард сом же 1 миллард 323 миллион долларга жеткен. Айырма 10 эле жылда дагы 110 миллиард сомго көбөйүп кеткен. Салыштырып көрсөңүздөр.
1990-2010-ж.
20 жылда 13,6 миллиард сом карыз болсо, 2010дон-2020-жылга чейин 10 эле жылда 123 миллиард сом карыз үстүнө кошулуп жатышат.
Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин министрликтин карызы 137 миллард сом же 1,5 миллиард долларга жеткен. Бул деген сөз сазга тизесине эмес, кекиртегине да эмес, чекесине чейин батырган деген сөз. Энергосистемабыз банкрот болуп калган.
Энергокомпаниянын кызматкерлерине банктан үстөгү менен кредит алып, эмгек акы берип калат деген эмне деген маңкуртчулук. Мындай жорукту дүйнөдө эң артта калган мамлекеттер деле кылбаса керек.
Мисалы, 2010-жылдан 2020-жылга чейин РСК банктан 201 миллион сом үстөгү менен кредит алып, баса белгилеп айтам, болгондо дагы үстөгү менен алып энергетика тармагынын кызматкерлерине эмгек акы төлөп жүрүшкөн. Мен муну куру сөз менен айтып жаткан жокмун. Кагаздардын баары банктын жана энергетиктердин архивдеринде документально турат.
2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин айлык акыларды төлөө үчүн деп биз банктан 1 тыйын алган жокпуз.
Тескерисинче 2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин 137 миллиард сом карыздын 112 миллиард сомун жаап бүттүк. Калган 25 миллиард сом карызын эмдиги жылы жаап бүтөбүз.
Энергосистемабызда 2020-жылга чейин коррупция, ар кандай жеке кызыкчылыктагы уурулук схемалар бар болчу. Биз анын баарын талкалап жок кылдык. Азыр ал жакта схема, уурулук деген жок. Ошол үчүн тездик менен карыздарынан кутулуп келе жатышат. 2027-жылы Кудай буюрса биринчи жолу кирешеге чыга башташат.
Майнинг боюнча сурооңо жооп берсем мындай.
Бизде эки эле майнинг иштейт. Экөө тең менин көзөмөлүмдө. Бирөө Кеминде, экинчиси Камбар-Ата-2де. Кеминдеги «Соларкоин» майнинг фермасы 30 МВт менен 2023-жылдан бери иштеп келе жатат.
100 пайыз Россиядан Казакстандын КЕГОК компаниясы аркылуу импорт транзит кылып келип иштетет. Баары ачык көрүнүп турат. Министрликтен текшерсеңер болот. Жашыруун эч нерсеси жок. Электроэнергия бул темир же көмүр эмес. Жашыруун өткөрүп кеткидей. Бизден 1 кВт албайт.
Биздин Казакстан менен чек арадагы 500 кВттык «Фрунзе» станциясынан баштап Кеминге чейин 1 кВтына 38 тыйын транзит да төлөшөт. Энергосистемабыздын эсебине алардын транзитинен түшкөн пайда бүгүнкү күнгө чейин 172 миллион сом болду.
Республикалык бюджетке салык түрүндө 22 миллион сом төлөштү. Жумушчу орундарын түздү. Ток этер жерин айтканда, биздин өлкөбүзгө үч жагынан пайда алып келип жатат.
Камбар-Ата-2деги майнинг боюнча силерге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берейин. Оозун чойуп демагог, популист болуп коррупция бар деп сүйлөп аткан саясатчыларга мындан ары майнинг жөнүндө сөз кылышса ишене бербегиле. Ал майнинг дагы 30 МВт менен иштейт. Ал майнингди ал ГЭСке өзүбүз суранып жүрүп курдурдук. Эмне үчүн?
2009-жылы ал ГЭС салынганда 120 МВт менен ишке кирген экен. Бирок жаңы трансформатор менен жаңы линия курулбастан андан чыккан энергия эски, баягы эле 60-жылдардагы трансформторлор жана эски линиялар менен элге жиберилип турган.
Эски линиялар менен трансформаторлордун күчү 90 эле МВт болуп, 120 МВттын 30 МВты иштелип чыкпай кала берген.
Ошол кубаттуулукту бекер кетирбей ошол 30 Мвт кубаттуулукту сатып алып жатышат. Ошол үчүн майнинг Камбар-Атанын ичине салынды.
2009-жылдан бери 6 миллиард 816 миллион кВт саат энергиядан куру жалак калыптырбыз. Бекер эле жоготуу болуп кала берген. Акчалай санап көргөнүбүздө 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз.
Бул үчүн 2020-жылга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 11 жылдан бери бул станциядан 30 МВт жоготуу болуп атса көңүл бурушкан эмес.
Биз буга көңүл буруп, мына ошонун негизинде «МБТ-Строй» компаниясы менен 2023-жылдын декабрь айында «Кыргызстан УЭТ» ААК жана «Электр станциялары» ААК тарабынан үч тараптуу келишим түзүлгөн. Ал келишимде «Электр станциялары» ААК «Камбар-Ата-2» ГЭСиндеги 30 МВт жоготуу болуп келген кубаттуулукту «МБТ-Строй» компаниясы жана «Кыргызстан УЭТ» ААКтын тармактары аркылуу элге транзит кылуу макулдашылган. Инвестициянын жалпы суммасы 1 миллиард 500 миллион сомду түзөт.
Мындан сырткары мамлекет тарабынан «МБТ-Строй» ЖЧКга төмөнкү иштерди аткаруу милдеттендирилген:
1) Азыр ушул тапта «Камбар-Ата» көмөк чордонунда 2 даана 25 МВА
кубаттуулуктагы трансформаторлорун оңдоп-түзөтүү иштери жүрүп жатат.
Бардык тетиктерди орнотуп, жалпысынан 429 миллион сом салышты.
2) «Күрп-Сай» ГЭСиндеги 220 кВттык 2 жаңы автотрансформаторду орнотуу менен реконструкциялоо иштери жүрүп жатат, инвестициянын суммасы 736 млн сомду түзөт;
Азыр ушул тапта иштер уланууда.
3) «Күрп-Сай» ГЭСинен «Абасбеков» көмөк чордонуна чейин 110 кВ аба чубалгысын жаңылоо, узундугу 35 км;
Ушул тапта иштер жүрүп жатат.
4) «Абасбеков» көмөк чордонунан «Камбар-Ата-2» ГЭСине чейин 110 кВ аба чубалгысын жаңылоо, узундугу 57 км;
Ушул тапта иштер жүрүп жатат. Бардык реконструкция боло турган аба чубалгаларынын узундугу 92 км түзөт. Ушунун баарын жакын арада бүтүшөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн иштерге жумшалган инвестициялар болжол менен 4 жылда өзүн актайт. Андан кийин жаңы орнотулган трансформаторлор, жаңы салынган линиялардын баары майнинг-сайнинги менен кошо мамлекетибиздин пайдасына тагыраагы энергетиктерге калат. Келишим ушундай.
Биз ар бир жасап жаткан ишибизди жети эмес, жетимиш өлчөп бир кесип атабыз. Мамлекетке зыян келчү иштерден дароо баш тартабыз.
Бул майнинг мамлекетибиз үчүн болуп көрбөгөндөй пайдалуу иш. Себеби 4-5 жылдан кийин майнинг дагы, жаңы салынган трансформаторлор менен 92 км жаңы линия дагы мамлекеттин менчигине өтөт. Линиялар азыр деле мамлекеттики.
Демек бул майнинг кимдир бирөөлөрдүн же минстр менен менин кызыкчылыгым үчүн эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Азыр депутаттыкка талапкерлер да майнингдерди айтып чыгып хайп кармай башташты. Иштин түпкү тамырын билбегенден кийин мурдуңарды тыкпагыла деп эскерте кетет элем.Мен жогоруда мамлекетке кандай пайда алып келет экенин айттым.
Азыр мурдакы бийликтегилердей болуп чөнтөккө иштеген эч ким жок. Чөнтөккө иштеген чиновниктердин тапканын кайра кайтартып, кызматтан алып атабыз. Мунун баарын эл көрүп турат. Албетте көрүп билип туруп эле көргүсү келбегендер да бар. Бирок алар саналуу эле деп ойлойм. Бир чети андайлар да болуп турушу керек.
«Кой аксагы менен миң» деп коёт эмеспизби. Бизде демократия.
— Демек азыр эки эле майнинг ферма иштеп атат экен да?
— Ооба. Ал эки майнингден мамлекетибиз миллиондогон пайда көрүп жатканыбызга карабай, экөөнү тең убактылуу жаптык.
Кеминдеги майнингди калтырып койсок болмок. Анткени ал Россиядан импорт кылып келген өзүнүн энергиясы менен иштеп жаткан. Бирок аны да убактылуу токтоп тургула деп сурандык.
Бизде илгертен бери көнүп калган адат бар эмеспи. Өлкө үчүн бир жакшы ишти жасап баштасаң демагог саясатчылар кыйыкырып чыга калса кокуй деп коркуп кетип ал ишти токтотуп коюшчу.
Ошентип өлкөбүз алдыга жылбай эле артка кеткен.
Эмне үчүн токтотуп коюшчу. Азыр мен ойлойм, сөзсүз түрдө өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары бар болуп турса керек деп.
«Доля» деп коебуз го. Ошол кызыкчылыгы ачылып калбасын «кокуй токтотолу, эл билип калды» деп токтотуп коюшчу окшобойбу?
Биз коркпойбуз жана токтотпойбуз. Себеби биздин жеке кызыкчылыгыбыз жок. Ошол үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы бар кайсыл иш болбосун алдыга жылдырып кете беребиз. Суук кетери менен экөө тең кайра иштей башташат.
Башка бир дагы майнинг жок. Уруксаты, мамлекет менен келишими жок жашыруун мыйзамсыз иштеп аткан майнингдер болсо кармап, олчойто айып пул салабыз. Бул боюнча тиешелүү органдар тынымсыз иштеп атышат. Жашыруун иштеп аткан майнингдер табылса дароо кармап токтотушат.
Биздин өлкөдө майнинг иштетем деп келгендерге айтып атабыз. Азырынча кошуна же алыскы өлкөлөрдөн биздин мамлекетти аралаштырбай өзүңөр импорт алып келип иштесеңер иштей бергиле.
Анткени бир азырынча өзүбүздөн өндүрүлгөн энергияны силерге бере албайбыз, себеби өзүбүзгө жетпей жатат деп.


