01:01
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Бишкекте бир күндө мыйзамсыз токтотулган 64 унаа эвакуацияланды

Бишкек шаарында туура эмес токтотулган унааларга каршы рейддер уланууда. «Шаардык жол жана транспорт инфраструктурасы» муниципалдык ишканасы жол кыймылына тоскоолдук кылган жана токтотуу эрежелерин бузган унааларды эвакуациялоо боюнча кезектеги иш-чарасын жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында бир күн ичинде атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерлерге, таштанды челектердин алдына жана аялдамаларга токтогон 64 унаа эвакуацияланып, айып короо жайына киргизилди.

Муниципалдык ишкана рейддер улана берерин баса белгиледи.
Шаар тургундары жана айдоочулар уруксат берилбеген жерлерге унааларын токтотпоого жана жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырылат.

Эң көп окулган жаңылыктар