Президент Садыр Жапаров электр энергиясын үнөмдөө жана мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого багытталган түнкү рейддердин өтө катаал жүргүзүлүшүн сынга алып, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине ачык кайрылуу жасады. Бул билдирүү президенттин социалдык баракчасында жарыяланды.
Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусун толугу менен келтиребиз:
«Урматтуу жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери!
Электр энергиясын үнөмдөө жана тынчтык мыйзамын камсыздоо максатында тапшырма берсек, силер аны «бөрк ал десе — баш алгандай» ашкере аткарып жиберипсиңер.
Биз элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз.
Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап,
тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер!
Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!
Электр энергиясын үнөмдөөнү - биринчи кезекте "Эмне, мамлекет төлөйт да" деген кайдыгер жетекчилерден баштап, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын катуу көзөмөлдөгүлө.
Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!»
Эске сала кетсек, 13-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Тынчтык жөнүндөгү» мыйзамды жана Министрлер кабинетинин токтомун так аткарууну талап кылган. Анда майрамдык иш-чаралар, көңүл ачуучу иш-чаралар, кафелер, ресторандар жана түнкү клубдар кечки саат 22:00дөн кечиктирбестен жабылышы керектиги каралган.
Ошол эле күнү кечинде Бишкек жана Ош мэриялары шаарлар боюнча рейддерди жүргүзүп, мекемелерди кечки саат 22:00гө чейин жабууга мажбурлашкан.


