Москва районундагы «Ак-Суу» коругунда жапайы жаныбарлар сүрөт капканга түшүп калган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын арасында ак илбирс, тоо текелер, аркалар, түлкүлөр жана башкалар бар.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын адистери Москва районунун аймагында жапайы жаныбарларды мониторинг кылууну улантууда.


