Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу боюнча 15-16-ноябрда Ташкент шаарына Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
«Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусу аймактык өз ара аракеттенүү келечегинин актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.


