2024-жылы Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдардан келтирилген экономикалык зыян 1,3 миллиард сомдон ашты. Бул маалыматтар Улуттук статистика комитетинин «Кыргыстан Республикасындагы айлана-чөйрө» отчетунда камтылган.
Бул мезгилде ар кандай мүнөздөгү 133 өзгөчө кырдаал катталып, 79 адам каза болгон.
1031 турак жай имараты, 159 жол инфраструктурасынын объектиси жана 126 энергетикалык объект жабыркаган.


