10:11, 17 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматтарына ылайык, Кыргызстанда айыл чарба өндүрүшү өстү.
Комиссиянын маалыматы боюнча, Евразиялык экономикалык биримдикте айыл чарба өндүрүшү 2025-жылдын январынан сентябрына чейин өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бардык чарба категориялары боюнча 2,1 пайызга өскөн.
Өсүш айрыкча Армения, Казакстан, Орусия жана Кыргызстсында байкалган, ал эми Беларуста төмөндөө белгиленген.
Бул мезгилде ЕАЭБде мал союу мал жана канаттуулардын өндүрүшү (тирүү салмакта) 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,5 пайызга, сүт 1,5 пайызга жана жумуртка 4,4 пайызга өскөн.
Мал союу жана канаттуулардын өндүрүшүнүн (тирүү салмакта) өсүшү Кыргызстан, Казакстан, Армения жана Россияда, сүт өндүрүү Казакстан, Беларус, Кыргызстан жана Россияда жана жумуртка өндүрүү ЕАЭБге мүчө бардык мамлекеттерде байкалган.