20:30
USD 87.45
EUR 101.48
RUB 1.08

Шайлоо −2025: Дагы бир талапкер парламенттик шайлоодон баш тартты

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия No17 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер Бахтияр Бообековдун каттоосун жокко чыгарды.

БШКнын маалыматына ылайык, № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бахтияр Таласович Бообековдун талапкерлигин алып салуу өтүнүчүн карап чыгып, анын каттоосун жокко чыгарды.

Белгиленгендей, Бообеков өзүнүн талапкерлигин алып салуу өтүнүчүн БШКга 2025-жылдын 15-ноябрында берген.

Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрдан бери уланып келатат.

Эң көп окулган жаңылыктар