17:24
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Бишкекте беш көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылды

Борбор калаанын электр энергиясы көп жайгашкан аймактарындагы беш көмөк чордон модернизацияланып, бекемделди. Бул иштер Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан реформалардын алкагында жасалгандыгын аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы төмөнкү көмөк чордондордун кубаттуулугу көбөйтүлөт:

  • 110/10 кВ «Көк-Жар» көмөк чордону — 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулука;
  • 110/10 кВ «Орто-Алыш» көмөк чордону — 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВА кубаттуулукка;
  • 110/10 кВ «Алтын-Казык» көмөк чордону — 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулукка;
  • 110/10 кВ «Берлик» көмөк чордону — 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВА кубаттуулукка;
  • 35/10 кВ «Водоконал» көмөк чордону — 6,3 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 16 МВА кубаттуулукка:

5 көмөк чордонго жалпы 146 МВА кубаттуулук кошулуп, аймактарда калкты сапаттуу электр энергия менен камсыздоо жолго салынды. Жыл аягына чейин дагы 2 көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылат.

Жабдыктарды жаңылоо, көмөк чордондордун кубаттулуктарын жогорулатуу иштери Энергетика министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы келишимдин негизинде жана каскаддык ыкма менен ишке ашырылып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар