Уктоо алдында көп тамактангандар салмак кошуп, диабетке алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу уйку медицинасынын дарыгери Алена Гаврилова РИА Новости сайтына билдирди.
Мурда интернетте «түнкү тамактангандар» уйкусуздук менен күрөшүүгө жардам берери тууралуу маалымат тараган.
«Бул сизге уктоого жардам берет. Айрым адамдар муну байкап, колдонуп жатышат. Анткени кандагы канттын деңгээлинин жогорулашы сизди уйкусуратат. Жалпы ден соолугуңузга көз чаптырсак, бул пайдалуу эмес», — деди Гаврилова.
Анын айтымында, эгерде адам уктоо алдында углеводдорго бай бир нерсе жесе, бул кандагы канттын кескин көтөрүлүшүнө алып келсе, бул инсулиндин кескин көтөрүлүшүнө алып келет. Мындай тамактангандар салмак кошуп, инсулинге туруктуулукка жана диабетке алып келиши мүмкүн.


