13:28
USD 87.45
EUR 101.48
RUB 1.08

Камчыбек Досматов эмгек министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин жаңы биринчи орун басары министрликтин кызматкерлерине тааныштырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон маалымдашкандай, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Эмгек министрлиги
Фото Эмгек министрлиги. Камчыбек Досматов

Бүгүн министр Канат Сагынбаев жаңы биринчи орун басарды эмгек жамаатына тааныштырып, Камчыбек Дасматовго мындан аркы ишинде ийгиликтерди, жемиштүү эмгек жана бекем ден соолук каалады.

Эң көп окулган жаңылыктар