Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектинин Түштүк магистралдан Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү 24-ноябрда ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 24-kg.com агенттигине билдирди.
Учурда жумушчулар жол белгилерин орнотуп бүтүштү. Көчө чырактарын орнотуу иштери дагы эле уланууда.
Мындагы жер астындагы өтмөккө келсек, курулуш белгиленген мөөнөткө чейин бүтпөй калышы мүмкүн. Жумушчулардын айтымында, жер астындагы өтмөктү орнотуунун негизги бөлүгү бүткөрүлдү. Калган иштер тепкичтерди, жарыктандыруу жана видеобайкоо системаларын, нөшөрлүү суу агызуучу түтүктөрдү орнотуу жана акыркы жасалгалоо иштери жасалууда.
Эске сала кетсек, жер астындагы өтмөк жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана эл көп жүргөн көчөлөрдөгү кырсыктарды азайтуу программасынын алкагында курулуп жатат. Проспектинин бул бөлүгүндө жол чырактар өтө аз болгондуктан, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаралат.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, президент Садыр Жапаров 393-буйрук менен Министрлер кабинетине Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн, ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Миңжылкиев көчөсүнүн кесилиштериндеги жаңы жер астындагы өтмөктөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн подрядчыларды тандоону тапшырган.


