08:00, 18 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 18-ноябрда Манас шаарында өтүп жаткан Эл аралык «MANAS CUP 2025» турниринин алкагында Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Орусия командасы менен беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.
Оюндар Манас шаарынын «Курманбек» стадионунда өтөт. Кураманын оюндары алдында күйөрмандар үчүн атайын концерттик программа, шоу-программа уюштурулуп, баалуу белектер ойнотулат. Ал эми оюндардын старттык ышкырыктары саат 19:00дө жаңырат.
Турнирдин максаты — жаш курама командалардын өз ара тажрыйба алмашуусуна, эл аралык деңгээлдеги оюн практикасын жогорулатууга жана достук мамилелерди чыңдоого шарт түзүү болуп саналат. Андан сырткары, бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.
Кыргыз футбол биримдиги бардык күйөрмандарды оюндарды көрүүгө жана улуттук командага колдоо көрсөтүүгө чакырат.