Айыл чарба министрлиги этти фермерлерден үзгүлтүксүз түз жеткирүүнү убада кылды

08:32, 18 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Суу чарбасы, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги уй жана кой этинин баасын турукташтыруу боюнча онлайн талкуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешме Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, шаардык мэриялардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана базар жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Анын жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле социалдык маанидеги товарлардын, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларды турукташтырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын жыйынтыгында өлкө аймагында уй жана кой этине (сулп этинен тышкары) бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганы маалымдалды.

Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик органдарга элди фермерлерден түз жеткирилген эт менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштуруу тапшырмасы берилди.