ndtv.com сайтынын маалыматы боюнча, Сауд Арабиясында автобус өрттөнүп, кырк эки зыяратчы каза болду.
Хайдарабаддан келген 42 индиялык зыяратчы жол кырсыгына кабылган автобуста күйүп кеткени кабарланган.
«Көптөгөн жүргүнчүлөр уктап жатышкан жана автобус күйүүчү май ташуучу унаа менен кагылышып, өрттөнүп кеткенде, алардын аман калуу мүмкүнчүлүгү аз болгон», — деп билдирет портал.
Жабыркагандардын арасында кеминде 11 аял жана 10 бала болгон. Кырсыктан бир гана адам аман калгандыгы айтылууда. Учурда жагдайлар такталып жатканы кошумчаланды.


