Дүйнө Кубогу: Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкты

14:43, 18 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Интернеттен алынды. Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу

Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Индияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө кубогунда ийгиликтүү баштады. Ал биринчи беттешинде эле ишенимдүү жеңишке жетишти.

17-ноябрда спортчу 60 килограмм салмактагы рингге чыгып, чейрек финалда польшалык Павел Брач ​​менен беттешти. Үч раунддан кийин калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандыкка 5:0 эсебинде беришти.

Бул жеңиш Мунарбек Сейитбек уулуна жарым финалга чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Ал кийинки беттешин 19-ноябрда англиялык Уильям Дэвид Хьюиттке каршы өткөрөт.