Ислам тилектештик оюндары. Балбан Акжол Махмудов жарым финалга чыкты

17:10, 18 ноября 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Сауд Арабиясында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу мелдештин сайтында кабарланды.

Мекендешибиз грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмактагылар арасында күч сынашууда.

Ал 1/8 финалдан баштап, Тунис өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Чейрек финалдык беттеште Акжол Махмудов египеттик балбан менен беттешип, 9:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Азырынча анын атаандашы аныктала элек.