Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегаты ишке киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, реконструкция толугу менен аяктады. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогулдагы модернизацияланган төртүнчү гидроагрегатты жана Үч-Коргон ГЭСиндеги экинчи гидроагрегаттынын иштешине старт берди.
4-агрегаттын ишке кириши менен Токтогул ГЭСинин 1200 мегаваттык кубаттуулугу, модернизациядан кийин 1440 мегаваттка көбөйдү. ГЭСтин агрегаттарын реконструкциялоо иштери 2021-жылы башталган. Ар бир агрегатын реконструкциялоодо 60 мегаваттан кошулуп, станцияга жалпысынан 240 мегаватт кубаттуулук кошулду.
Ал эми Үч-Коргон ГЭСинин 2-агрегатын ишке киргизүү менен 9 МВТ кубаттуулук кошулду. Буга чейин 2024-жылы ГЭСтин 1-агрегаты толугу менен алмашылып, 9 МВт кубаттуулук кошулган. Эми ГЭСтин калган эки гидроагрегатын 2026-жылы реконструкциядан өткөрүү пландалууда. Жалпы төрт гидроагрегат алмашылгандан кийин ГЭСтин жалпы кубаттуулугуна 36 МВт кошулат.
Эскерте кетсек, ГЭСтерди модернизациялоонун негизги максаты алардын кубаттуулугун жогорулатуу болуп саналат.


